Бүгүн, 6-январда саат 01:56да Токтогул ГЭСинде 500 киловаттык кабель ишке киргизилип, №2-гидроагрегат да иштеп жатат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда кабарлады.
"Муну менен учурда Токтогул ГЭСинде 4 агрегат тең иштеп жатканын кабарлайбыз. Азыр агрегат 200 мегаватт электр энергиясын берүүдө. ГЭС штаттык режимде иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 15-декабрда жогорку басымдагы кабелдин жарактуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ал зыянга учурап, №2-агрегат иштебей калган. 2017-жылдын жаз айларында Токтогул ГЭСин оңдоо иштеринде кабелди алмаштыруу иштери жүрөрү маалым болду.