Каргашалуу окуя болор алдында мектепке чыгып кеткен Жакшылык Шералиев бүтүндөй үй-бүлөсүнөн айрылды. Ал үйүнө кайткан кезде кулаган учак үйүнөн эч нерсе калтырган эмес. Бул кырсыктан улам ал психологиялык травма алып, Сокулуктун аймактык ооруканасына жаткырылган.
Бүгүн анын ата-энеси жана эки карындашы жерге берилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Баланы чоң атасы ооруканадан өзүнүн үйүнө чыгарып кетти. Ооруканадан чыгып жатканда абалы жакшы болуп калган", - деди министрликтин басма сөз катчысы.