Кыргыз Республикасында китепканалардын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө китепканалардагы китептерди электрондук вариантка өткөрүү иштери жүрүп жатат. "Акча каражатынын тартыштыгынан китептердин баарын электрондук вариантка өткөрө албайбыз. Керектүүлөрүн гана өткөрөбүз. Китепканалардагы китептер сакталчу жайлар кампага айланып бара жатат. Келечекте ар бир айылда маданият борборлорун ачыш керек, ар биринде интернет түйүндөрү болмокчу", - деди Казаков.