Жети-Өгүз районунда балык кармаганы кеткен эки тургун табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун Жеңиш айылынын 1987-жылы туулган эки тургуну 16-январь күнү саат 19:00 чамасында балык кармаганы үйдөн чыгып, ошол боюнча кайтып келишкен эмес.
“18-январь күнү 11 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана жакын туугандары болуп 70тен ашык адам издөө иштерин жүргүзгөн. Азырынча натыйжа боло элек. Учурда издөө иштери уланууда”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.