Ысык-Ата районунда мектептин алдынан 9-класстын окуучусун автоунаа сүзүп кетти

Ысык-Ата районунда мектептин алдынан 9-класстын окуучусун автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери Тилек Исаев билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-январда саат 07:45те Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы №1-мектептин алдындагы жөө адамдар жүрүүчү жолдо 9-класстын З.М. аттуу окуучусун Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ш.В. деген айдоочу сүзүп кеткен. Жабырлануучу Кант шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

Ал эми айдоочунун автоунаасы айып жайга токтотулду. Айдоочунун айтымында, жолдогу окуучуларга алаксып кызды коюп кеткен.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2017-01-20 15:07:52
Kudai sakktasyn
Allhxym shypasyn bersin erterak aigyp ketsin
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан