Ысык-Көл облусунун Түп районунда бир жыл мурун ачылган мектептин дубалдары көгөрүп, окуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мектеп аталган райондун Балбай айылында жайгашкан. Анын дубалдары көгөрүп кеткендиктен, окуу процесси 23-январга чейин токтотулду. Учурда мектепти курган "Авангард строй" фирмасы тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Айта кетсек, Түп районунун Балбай айылындагы 225 балага ылайыкташкан Зина Мамбетсеитова атындагы мектеп 2016-жылдын январь айында колдонууга берилген. Андан бир ай өтпөй эле мектептин дубалдарынан курттар чыгып, дезинфекция кылынган болчу.