Казакстандын Алматы шаарында эмгектенген Кыргыз жарандары авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына акчалай жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына кайрымдуулук акциясынын уюштуруучусу Алдаяр Маматов билдирди.
"Кыргыз элинин башына оор күн түшүп, элибиз чоң жоготууга учурап турса, чет жерде жүргөн кыргыздар жардам колун сунуп, каражат чогултууну туура көрүштү. Бир боор мекендештерибиз үчүн базарда иштеген ар бир кыргыз мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай жардам берди. Бүгүнкү күндө чогулган 230 миң сомду (1 103 000 теңге) жабыркаган ар бир үйгө кирип таратып чыктык", - деп билдирди Маматов.
Маалыматка ылайык, мекендештерге жардам акциясын Алдаяр Маматов, Кубатбек Абдысатаров, Элчоро Анарбаев жана Адилет Турдубаев уюштурган. Каза болгон 34 адамдын жакындарына 6750 сомдон бөлүп беришкен. Мындан сырткары жылуу кийимдерди кошо таратышкан.
Эске салсак, буга чейин алматылык активисттер жардам катары азык-түлүк, кийим-кече, канцелярдык товарларды жана балдар үчүн оюнчуктарды чогултушканы айтылган.