Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу 13 жаштагы футболчуну 202 миң долларга сатып алды. Бул тууралуу англиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Финли Бернс аттуу коргоочу "Саутенд Юнайтед" клубунан "Манчестер Ситинин" академиясына которулуп, өспүрүмдөр курамасынын катарына кошулду.
Финлини "Ливерпуль", "Челси" жана "Арсенал" клубдары чакырышкан. Оюнчу ата-энеси менен кеңешип, аталган клубду тандаган.