Италияда кар көчкү алдында калган 10 адам куткарылды

Италияда кар көчкү алдында калган 10 адам куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, тирүү куткарылгандардын арасында жаш балдар да бар. Көчкү алдында куткарыла элек дагы бир канча адам бар экени айтылууда.

Айта кетсек, 18-январь күнү Гран-Сассо тоолорунда жер титирөө катталып, анын кесепетинен кар көчкү жүргөн. Тоого жакын жайгашкан мейманкана кар көчкү алдында калган. Ошол учурда мейманкананын ичинде 30га жакын адам болгон. Куткаруучулар 3 адамды тирүү алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-01-22 03:49:28
Дагы кырсык...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан