Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча өз пикирин айтты.
“Чүчү кулактын жыйынтыгына кубануунун кажети жок. Бардыгы футбол талаасында чечилет. Атаандаштар менен жеңиш үчүн гана ойноп, тайпадан чыгышыбыз керек. Өзүбүздүн оюнубузду күчтөнтүп, максатыбызга жетишибиз шарт. Биздин башкы максат – Азия Кубогуна чыгуу”, - деп билдирет А.Крестинин.
Эске салсак, 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында Кыргыз Республикасы “А” тайпасында Индия, Мьянма жана Макао менен күч сынашат.
2017-жылдын январь айына карата ФИФАнын рейтингинде Кыргыз өлкөсү 124-орунда, Индия 129-орунда, Мьянма 159-орунда жана Макао 184-орунда турат.