Футбол боюнча улуттук курама команданын Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы алгачкы оюну 28-мартта өтөт. Анда Александр Крестининдин шакирттери өз үйүндө Макаону тосуп алышат. Бул тууралуу Азия Футбол конфедерациясынын сайты билдирет.
Кыргыз Республикасы “А” тайпасында жалпы 6 беттеш өткөрөт. Анын үчөөсү өз үйүндө, калганы конокто болмокчу.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-январда Абу-Даби шаарында чүчү кулак ташталып, анда 24 команда 6 тайпага бөлүнгөн. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы “А” тайпасына бөлүнүп, атаандаштары Индия, Мьянма жана Макао командалары болгон.
Оюндардын жүгүртмөсү:
28-март
Кыргыз Республикасы-Макао
13-июнь
Индия-Кыргыз Республикасы
5-сентябрь
Кыргыз Республикасы-Мьянма
10-октябрь
Мьянма-Кыргыз Республикасы
14-ноябрь
Макао-Кыргыз Республикасы
2018-жылдын 27-марты
Кыргыз Республикасы-Индия