Бишкектеги Түркия элчилигинин алдына тынчтык митингине чыккан активисттерге элчиликтен эч ким чыккан жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына активист Өндүрүш Токтонасыров билдирди.
"Курулуш башкармалыгынын дачаларында адам өмүрүн алган учактагы жүк кимге таандык?" деген суроону коюп, анын ээсин ачык айтышын талап кылып чыксам, тартип сакчылары мени шылдыңдашты. "Өмүрбек Текебаевден канча акча алдың, бөлүшпөйсүңбү?" деген сөздөрдү айтышты. Ошол эле учурда "бала-чакаң менен үйүңдө жатпайсыңбы" деп орой айтып опузалашты. Алар мени алып кетүүгө аракет кылышты. Карыган апамды аяп өзүм кетип калууга аргасыз болдум", - деди Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыровдун маалыматына ылайык, элчиликтин алдына 18 милиция кызматкери коопсуздукту сактоого келген.
Эске салсак, бүгүн, 26-январда эртең менен активист Өндүрүш Токтонасыров менен Жеңишбек Жумалиев Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгып, кулаган учактагы жүк кимге таандык экенин айтып берүү талабын коюп, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кайрылуу жасаган.