Өкмөт насыялардын жана гранттардын көбүн унаа жолдорун курууга алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, 1995-жылдан тарта бул тармакка 2 миллиард 435 миллион доллар бөлүнгөн. "Бул көлөмдүн 2 миллиард 145 миллион доллары - насыялар, 289 миллион доллары - гранттар. Алынган насыялар менен гранттарга маанилүү унаа жолдорун оңдоп-түзөө жана куруу боюнча 29 ири долбоор ишке ашырылган. Мисалы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоп-түзөөгө 427 миллион доллар бөлүнгөн", - деди Панкратов.