"Дордой" футболдук командасы Ош шаарында Түркмөнстандын "Балкан" командасы менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Дордой"-"Балкан" беттеши бүгүн, 31-январда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөрүлөт.
Командалар Азия футбол Кубогунун 1-тандалма туру үчүн оюн талаасына чыгышат. "Балкан" командасы менен жооптуу оюн 7-февралда Балканабад шаарында өтөт. Жеңүүчү аталган команда "Хосилот"-"Шахин Асмаи" беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Уткан команда Азия футбол Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.