Бүгүн Алматы шаарында Кышкы Универсиаданын алкагында лыжа жарышынын спринт түрүндө кыз-келиндер жана эркектер арасындагы мелдеш орун алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ага Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары Кундуз Абдыкадырова менен Тариэл Жаркымбаев катышты.
Кыз-келиндер арасында 1600 метр аралыкка болгон жарышта Кундуз Абдыкадырова жалпы 60ка жакын спортчулардын арасынан 54-орунду алды. Эркектер арасында Тариэл Жаркымбаев жалпы 82 спортчу катышкан жарышта 62-орунда келди. Бул жарыштарда алдынкы 30-орунду алган спортчулар кийинки баскычка чыгышмак. Кыргыз спортчулары квалификациядан өтүшкөн жок.
Эми 4-февралда Тариэл Жаркымбаев менен Кундуз Абдыкадырова командалык спринтке катышат.