"Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков калыс мамиле кылбай жатат", - деди "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн, 2-февралда парламент жыйынында.
"Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин регламентин бузгандыгы үчүн биздин фракция Жогорку Кеңештин кароосунда спикер Чыныбай Турсунбековду төрагалыктан чакыртып алуу жана маселени күн тартибине киргизүү чечимин кабыл алды. Бул боюнча расмий түрдө каттоодон өткөрүп беребиз. Биздин чечим 72 сааттын ичинде каралышы керек", - дейт Бабанов.