Кечээ, 2-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 4 өспүрүмү "Тихий дом" оюнуна азгырылып калганы аныкталды.
"Алардын ичинен эки бала өз убагында чыгып кеткен, ал эми эки кыз үчүнчү баскычына келип калгандыгы аныкталды. Кыздардын бул оюнга азгырылып калгандыгы тууралуу маалыматты ата-энеси угуп, оор абалда калышты. Алар өз кыздарын мындай оюндарга азгырылбайт деп ойлошкон. Кыздардын бири өз кан тамырын лезвие менен кесип, сүрөткө тартып бул оюндун администраторуна жөнөткөн. Пайдаланылган лезвие окуучунун окуу китептеринин биринен табылды", - деп айтылат маалыматта.
Кыздар Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-8-класстарда окушары маалым болду. Оюнга азгырылгандар жетиштүү жашаган үй-бүлөнүн балдары экенин кошумчалашкан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.
"Урматтуу ата-энелер, эгерде балдарыңыздардын ушул сыяктуу оюндарга азгырылып калганын байкасаңыздар, жергиликтүү милицияга, мектеп жетекчилигине кайрылыңыздар. Балким, алар психологдун жардамына муктаж. Азырынча Ош шаарында бул оюнга азгырылып, жанын кыйган учур катталган жок. Бирок биз биргеликте мындай фактынын алдын алуубуз керек", - деп кайрылышат Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери.