Чолпон-Ата шаарында Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары эмгек акыларын берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты Таалай Туйгунов билдирди.
"Балыкчы-Корумду жолунун 50-60ка жакын куруучулары бүгүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга "Лонг Хай" жол-курулуш ишканасынын алдына чогулушкан. Эл менен жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү келет деп айтылган эле. Бирок аталган кызматтагы адамдар келген жок", - деп билдирди Туйгунов.
Маалыматка ылайык, жумушчулар айлык акынын берилүүсүн жана жолдун курулушун бүтүрүүнү тездетүүнү тиешелүү кызматтарга айтууга чогулушкан.
Эске салсак, буга чейин 3 айдан бери 500гө жакын жумушчулар айлык акыларын ала албай жатканы айтылган.