Кворум чогулбай Кара-Балта шаарынын мэри шайланган жок, эми шаардык кеңеш таратылышы мүмкүн

Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоого жеригиликтүү кеңештин депутаттары келишкен жок. Мындан улам кворум чогулбай шаар мэри шайланбай калды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда порталына юридикалык иштер боюнча башкы адис Махабат Бейсенбаева билдирди.

"Калаа башчысын шайлоо экинчи жолу өтпөй калды, анткени шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлоого келбей коюшту. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө башчысына кайрылуу жасап, анын негизинде депутаттар таратылат", - деп билдирди Бейшенбаева.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарында 6 партиянын өкүлдөрү шаардык кеңештин депутатты болуп шайланган. Ал эми мэрлик кызматка көпчүлүк коалициядан сунушталган Данияр Шабданов жана азчылык коалициядан Кубанычбек Жанболотов ат салышкан.

Эске салсак, 30-январда мэрди шайлоо боюнча Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы өткөн. Ага 31 жергиликтүү депутаттан 19у гана келип, кворум болбой мэрди шайлоо башка күнгө калтырылган. Белгилүү болгондой, буга чейин шаардын айрым тургундары Данияр Шабдановдун мэрлик кызматка ат салышууга каршылыгын билдирип митинг, маалымат жыйындарын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан