ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө 3 ай мурун курулушу бүткөн коомдук даараткана авариялык абалда, адамдарды басып калуу коркунучу жаралууда" дейт окурман

Өзгөндө 3 ай мурун курулушу бүткөн коомдук даараткана авариялык абалда, адамдарды басып калуу коркунучу жаралууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Жакында бул ажаткананын урап бараткан тарабын шыбап кетишкен. Кайра эле тешиктер көрүнүп, мурунку авариялык абалына келип калды. Жакынкы 4-5 күндө кулап калабы деп коркуп жатабыз. Жанында башка даараткана бар. Бирок анын ичи аябай кир абалда", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
alishsapan
2017-02-13 14:57:43
Курсагы ач адам козомолдогон ошон учун ушундай абалга келген
+4
Umarbalapanym
2017-02-13 14:58:29
Кирбегиле да мындай кооптуу жерге.
+2
kamchatka
2017-02-13 16:54:21
Бул дааратканын акчасын 10процентин шефтер тендерден уткан фирмадан алып жеп койгонда ошон учун сапатсыз даараткана тушкон!
+2
Bishkek.001
2017-02-13 18:37:03
Тендерден болунгон акчанын 2% ке салынган го
+2
almazbei
2017-02-13 20:02:43
Ушундай туалет кургандар уялышбайбы?
+1
bond02
2017-02-13 20:05:30
Туалетти жакшылап кура албаса анда ал адамдарды ХХХ керек да.
+3
kokul9188
2017-02-13 22:08:13
ушул туалетти да проблема кыла бергиле эми.мектеп же больница болсо экен.озунор эле ондоп салгылада.мамлекет бою реклама кылбай
-3
Rifle_I
2017-02-13 23:28:29
kokul9188,бул жерде жегендерди ХХХ керек. Реклама эмес, куруучуларды, кабыл алгандарды жазалаш керек.
+1
admin_portal
2017-02-14 09:08:58
Rifle_I, bond02, azamat.k, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуздар. Оозеки эскертүү!
0
azamat.k
2017-02-14 07:26:50
kokul9188,Кандай ХХХ,мектеп больница,уй курганда биринчи туалет курулат анан калганы курулат.Эч нерсе жок тыттын тубуно барыш керекби.Мамлекет бою сен реклама кылып жатасын.
+1
kokul9188
2017-02-14 09:57:38
azamat.k,сенин туалетин тушуп кетседа окмот куноолу боло береби анда..ойлонсон иничек
0
lady_91
2017-02-14 10:37:56
kokul9188,коомдук курулуштардын баарына окмот жооп берет да
+1
boris8907
2017-02-19 18:18:06
kokul9188,бул коомдук жайдагы даарат кана болуп турат мамлекет салып бербесе дагы ушундай авариялык акыбалдагы курулуштарды козомолго алыш керек. Карасуу базарындагы даарат кана эсинерден чыктыбы.
+1
kokul9188
2017-02-14 11:43:22
качанкыга чеин окмот деп журо беребиз..ошол туалетке эч болоор болбос эле каражат жумшалат..оздору ондоп койсо болот эли жери учун.оздорунун жузу учун.башка райондор тим эле фонд уюштуруп коп жерлерин окмотсуз ондоп тузоодо.
-1
boke8891
2017-02-14 17:59:07
Ошол туалет платный болсо керек а туугандар..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан