Бакыт Төрөбаев ЕАЭБге киргенден кийин мактана турган өзгөрүү болбогонун айтты

“Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийин мактана турган эч нерсе болгон жок”, - деп бүгүн, 15-февралда өткөн форумда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр ишкерлерден биримдик тууралуу сураса, терс пикирлерин айтышат.

“Өкмөт парламентте ЕАЭБге киргенден кийинки жыйынтыктар тууралуу маалымат бергенде да сындаганбыз. Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн азыктар биримдик өлкөлөрүнүн арасында атаандаштык жарата алган жок. Күнөөлүү тарапты издебей эле коюш керек. Орусия, Казакстан мамлекеттери өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын ойлойт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылардын катышуусунда “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталыштагы эл аралык форум өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан