Чаткал районунун Ак-Таш айылында эл ачка калбаганын бүгүн, 15-февралда Чаткал районун акими Канжарбек Эшалиев билдирди.
"Окурман SUPER.KG порталына "эл ачка калды" деп маалымат бергени чындыкка дал келбейт. Буга чейин айылдын эли азык-түлүктөрүн камсыздап алышкан. Анткени Чаткал өрөөнүндө айрым учурларда 5 айдан ашуун убакыт кыш болот. Ошондуктан айылдыктар кошумча азыктарды камдап алышат. Бүгүнкү күндө Ак-Таш айылында жол жабык. Электр энергиясы бар. Кырдаалды райондук администрация көзөмөлдөп жатат. Маалыматты берген айылдыктар мынчалыкка барбашы керек болчу", - деп билдирди район акими. Учурда район аймагында тоют боюнча да көйгөй жок экенин кошумчалады ал.
Эске салсак, окурман Элдик кабарга "Бизге ӨКМдан жардам керек! Электр жарыгы өчүп калды, ачка калдык" деп билдирген. Мындан сырткары бүгүн Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси "калың кардан улам 2 айыл аймакта 13 мектеп убактылуу жабылды" деп кабарлаган.
Район акиминин маалыматына ылайык, Ала-Бука-Чаткал жолу эртең кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылат.