Nokia 3310 уюлдук аппараты кайрадан сатыкка чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, легендарлуу делген Nokia 3310 аппаратынын жаӊы функцияларга ээ версиясынын баасы 59 еврону (4300 сомдой) түзүп, ушул жылдын 27-февралынан 2-мартка чейин өтө турган Барселонадагы "Mobile World Congress" көргөзмөсүнө коюлат.
Айта кетсек, Nokia 3310дун оригиналы 2001-жылы сатыкка чыккан. Фин компаниясынын бул модели ийгиликтүү болуп, жалпы 126 миллиондон ашуун аппарат сатылган. Колдонуучулар анын корпусу бекем экенин, аккумулятору көпкө чейин иштерин айтышкан. Андыктан Nokia 3310 жадакалса интернет-мемге да айланып, көпчүлүк аны "өлбөс телефон" деп аташкан.