Бишкекте курулуп жаткан имараттан кулаган куруучулардын омурткалары, сан сөөгү сынып, эттери жанчылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
"Азыркы тапта 3 адам дале жандандыруу бөлүмүндө. Биринин 8-9-10-омурткалары сынып кетсе, экинчисинин сан сөөгү катуу жабыркаган. Үчүнчү адамдын баш мээси чайкалган. Ал эми хирургия бөлүмүнө жаткырылган жарандын эттери жанчылган", - дейт Кубатбеков.
Айта кетсек, кечээ, 16-февралда Чүй жана Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан 5 адам кулап кетишкен. Жабыркагандардын төртөө Травматология жана ортопедия илимий борборуна, ал эми бирөө Улуттук госпиталга жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна коргоочу тактанын түшүп кетиши себеп болгон.