Бишкекте Фучик көчөсүндө Орусия элчилигинин айдоочусу кырсыкка кабылып, катуу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Орусия элчилигинин айдоочусу Toyota Prado жеңил унаасы менен Фучик көчөсүндө жүк ташуучу Mercedes-benz sprinter жүк ташуучу унаасы менен кагылышкан. Жыйынтыгында эки айдоочу тең катуу жабыркап ооруканага жеткирилген. Элчиликтин айдоочусунун жамбаш сөөгү сынып, ал эми жүк ташуучу унааны башкарып бараткан айдоочунун баш мээси чайкалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда техникалык экспертиза дайындалып, айдоочулардын кимиси кырсыкка себеп болгонун аныктоо иштери жүрүүдө.