Ысык-Көлдө Бишкек шаарынын тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-февраль күнү болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Каракол-Бишкек унаа жолунда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерген учурда жүргүнчү катары бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну, 51 жаштагы Б.Калыбекке таандык 3 литрлик айнек банканын ичинен 1 килограмм 44 грамм гашиш табылган. Азыркы тапта бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.