Бүгүн, 20-февралда актёр Болотбек Тилек 28 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышсак, ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн достору менен бирге белгилейин деп жатканын билдирди.
"Жаш өткөн сайын үйлөнүү тууралуу көп ойлоно баштайт экенсиң. Жүрөгүмдү ээсине берип үйлөнсөмбү деген ой мени жетелеп эле жүрөт. Бирок кайсы сулуунун өмүрлүк жары болорум белгисиз. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде досторум менен белгилейин деп жатам", - деди ал.
Белгилей кетсек, Болотбек Тилек 1989-жылы 20-февралда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. "Салам, Бишкек", "Түндүктүк келин", "Соолуган гүлдөр" тасмаларында роль жаратып, бир топ ырчылардын клиптерине тартылып, таанымал болгон.
20-февралга карата жылнаама