КҮНСЕРЕП: Атамбаев айткан акыйкатка коңшудан мурун оппозиция "капа"

Бүгүн, 21-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Тышкы иштер министрлиги президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдагы абал боюнча сөзүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Казакстандын Кыргыз жериндеги элчиси менен жолугушту. 2010-жылкы оор кырдаалда Казакстан чек арасын жаап салып, бул абал Кыргыз жарандарына бир топ кыйынчылыктарды алып келгенин, атүгүл айрым керектүү дары-дармектер киргизилбей, кыйын абал жаралганын, жарандар чек араны дарыя аркылуу кесип өтүүгө аракет жасаган учурлар болгонун, ошондой окуялардын биринде бир жаш бала сууга агып кеткенин эскерди.

Өткөн аптада "Евроньюска" берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев 7 жыл мурунку абалды эскерип өткөн эле. Маекте 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жаап салганы, мындан улам Кыргыз жеринде адамдар өлгөнү да айтылган. Мындан улам Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан президенттин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө сураган эле. Тагыраагы, "эмне үчүн минтип айтат" деген таарынычын билдирген. Казак тараптан келген нааразычылык Кыргыз жергесиндеги президенттин оппоненттерине сындардын жаңы толкунун жаратууга жакшы шарт түзүп берди. Бирок өлкөнүн башынан ушундай күндөр өткөнү чындык. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызда бийлик алмашып, республикада кыйын кырдаал түзүлгөндө, революция толкунунан чочулаган Казакстан чек арасын 1,5 ай жаап салган. Бул аракетин алар “Казакстан Республикасынын аймагына ок атуучу курал, баңгизат жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу коркунучтары бар" деп түшүндүрүп, майдын аягына чейин чек арасын ачпай турушкан. Кыргыз тарап кескин кадамдарга барбаса, балким, чектөө бир нече айларга алынмак эместир. Кыргыз-казак чек арасы Казакстан тарабынан жабылганына 41 күн болгондо Кыргыз Республикасы Киров суу сактагычын жаап, Казакстанга суу бербей койгон. Бир күндөн кийин Казакстан чек араны ачкан. Бул чындыкты президент айтса да, айтпаса да, кыргыз эли, ошол учурда Кыргыз мамлекетине назар салып турган мамлекеттер жакшы билет. Ушундай эле жагдай 2010-жылкы Июнь окуяларында да кайталанды. Казакстан түрдүү себептерге, эрежелерге шылтап 2 жылдан бери чек арасынан Кыргыз жеринде өндүрүлгөн эт, сүт, айрым учурларда жашылчаларды да өткөрбөй коюп келе жатат. Бул жагынан алганда коңшулаш жайгашкан өлкө Кыргыз мамлекети менен экономикалык бир альянста болгонуна карабай эки тараптуу өнөктөштүк мамиле жасабай келет. Албетте, бул коңшу өлкөнүн эмес, ириде Кыргыз өлкөсүнүн тышкы мамилелер тармагын жетектеген топтун, өкмөттүн чечүүсү керек болгон маселеси...

Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинин унаасы катышкан кырсыктан каза тапкан жарандын жакындары элчиликке нааразы. Кырсыктан кийин элчилик кечирим сураганга да жарабаганын алар жергиликтүү ММКларга айтышкан эле. Окуядан бери үн катпаган Тышкы иштер министрлиги бүгүн маалымат таратып, аталган кырсык боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди. Орусия тарапка нота жиберилип, анда кырсыкты иликтөөгө элчилик жардам берсин, айыпталган адамды териштирүү иштерине катыштырсын деген талаптар айтылган. Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүүдө. Жол кырсыгы болгон учурда элчиликтин унаасынын ичинде "Роснефть" компаниясынын өкүлү Игорь Рясный да болгон. Кырсыктын күбөлөрү анын рулда отурганын айтышкан. Орусия элчилиги бул маалыматты төгүндөп, рулда элчиликтин катчысы Виктор Пухов болгонун билдирүүдө. Айрым маалыматтарда жол кырсыгына себепчи болгондор өлкөдөн чыгып кеткени айтылып жатат. Элчиликтин "Игорь Рясныйдын кайда экенин билбейбиз, ал биздин кызматкер эмес" деген жообу шектенүүнү күчөттү. ТИМдин талабы аткарылабы же кылмышка шектүү из жашырып кетеби? Мындай суроолоор жол кырсыгынан каза тапкан маркумдун жакындарынын тынчын алууда. Анткени күнөөлүүлөрдүн дипломатиялык статуска таянып кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткени буга чейин Кыргыз жеринде болуп келген...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан