Балыкчы-Корумду жолунун куруучуларына маяналары которулду

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти "Лонг-Хай" жоопкерчилиги чектелген коомго 17-февралда жумушчулардын айлык маяналарын төлөп берүүгө 95 миллион 965 миң 72 сом которду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда кабарлады.

Эскерте кетсек, куруучулар маяналарын ала алышпай, нааразычылыгын билдиришкен.

"Белгилүү болгондой, Балыкчы-Корумду жолунун тилкеси өлкөбүздүн стратегиялык жолу. Аны оңдоп-түзөө иштери 2015-жылы 26-октябрда башталган. Курулушуна 600дөн ашуун адам тартылган. Алардын 90 пайызы Кыргыз жарандары", - деп билдиришкен министрликтен.

"Кыргыз трек" жоопкерчилиги чектелген коомунун инженери Урмат Жапаровдун айтымында, учурда Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун куруу иштери уланууда. 23-38 жана 83-92 чакырымдарына түтүктөрдү орнотуу жана топурак төгүү иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл облусунда аба ырайы жылуу болгондуктан жолду курууга даярдыктар көрүлүүдө.

"Туристтик сезондун башталышына Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт. Транспорт жана жолдор министрлиги Жол чарба департаменти менен биргеликте жолдун курулушун көзөмөлгө алышат", - деп кошумчалашкан министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан