Ала-Бука районунун Балтагулов айыл аймагында суициддин алдын алуу, окуучуларды ыйманга чакыруу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага район аймагындагы бардык мектептердин социалдык иштер боюнча педагогдору жалпысынан 46 билим берүү мекемесинен мугалимдер катышты.
"Иш-чара ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулуп, алдыда аткарылчу жумуштар, пландар иштелип адеп, ыйман сабагынын окутуу ыкмалары каралды. Муну менен катар өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу маселеси козголду. Аталган семинарга райондун имамы ыйман, адеп, маданият темасында даярдалган докладын окуду. Муну менен катар спирт ичимдигинин, тамекинин зыяндуулугу туурасында видео роликтер көргөзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.