Аида Салянова: "Референдумга каршы чыккандарга куугунтук башталды"

Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 200дөн ашуун адам катышып жатат. Митингчилердин арасында депутаттар Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев да бар.

Анын жүрүшүндө Жогорку кеңештин депутаты Аида Салянова: "Бул биринчи кылмыш иши эмес. Негизи бийлик кайсы учурдан кийин ыкчам иштей баштаганын айтсак, себеп референдум болду. Билесиздер коомчулукта талкуу болуп, коомчулук нааразы болду. Бирок парламентте бир нече депутаттар эле каршы болгонбуз. Ошолорго куугунтук башталды. Бүгүн Алмамбет Шыкмаматовго кезек келип жатат. Кол койгон чечимдерибизди карап, текшерип жатышканда бул киши деле билген. Акыркы айларда тынган жокпуз, гезиттерге интервью берип, мыйзамсыз иштерди ачыктаганга аракет кылдык", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан