Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алышы үчүн Кыргыз Республикасы товарларды ЕАЭБдин талабына ылайык сертификаттоо, малдарды идентификациялоо иштерин тездетүү, эпизоотикалык абалга көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөт жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Өкмөт жетекчиси өлкөдө малды идентификациялоо жүрүп жатканын, бирок абал канааттандырарлык эмес экенин баса белгиледи.
Премьер ишкерлерге шарт түзүү боюнча буларга токтолду:
"Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге мүчө болгондугун эске алуу менен, биздин ишканаларга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн аймактарына товар экспорттоочу ишканалардын тизмесине киришине колдоо көрсөтүү керек. Баарыңарга кабардар кылып койчу маалымат – 2017-жылдын 12-августунан тартып ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу боюнча 9 техникалык регламент бар".