Бүгүн, 24-октябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартуу маселесин жабык эшик артында карап, колдоого алды.
Буга чейин демилгени Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жана Бюджет жана финансы комитети жактырган.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев SUPER.KG порталына бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгонун билдирген.
"Бул маселенин тарыхы өтө узак. 10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер 10 жыл мурда түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деген Зилалиев.