Кыргыз курут, чучук, сары майы араб элин тамшантты

Бириккен Араб Эмираттарындагы “Fashunity exhibition 2017” фестивалына Кыргыз өлкөсү да катышууда. Бул эл аралык фестивалга 20дан ашуун мамлекет катышып, алардын арасында КМШ өлкөлөрүнөн Украина, Азербайжан, Казакстан дагы бар. Бул тууралуу Дубайдагы мекендешибиз Кыял Осконбаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул фестивалга Кыргыз өлкөсү биринчи жылы катышып жаткан жок. Дубайдагы Кыргыз жарандары дайым ушундай иш-чараларга чогулуп, араб элине өз маданиятыбызды таанытууга салым кошуп келет. Былтыр да катышканбыз. Ошондо фестивалдын уюштуруучуларына кыргыз элинин улуттук тамак ашы, буюм-тайымдары жагып калган экен. Быйыл дагы ушундай кыргыз павильонун уюштуруп, катышып берүүгө чакырышты. БАЭдагы кыргыздар ар кимиси колунан келген иштерин жасашты, мекенибизден ала келген буюмдарын чогултушту. Ал тургай, чучук, сары май, курутуна чейин алып келишиптир. Дубайда боз үйдөгүдөй атмосфера түздүк. Көрүүчүлөр биздин улуттук тамак-ашка кызыгышып, кыргыз кийим кийген сулууларыбызга суктанышып, сүрөткө түшүп алууну суранышууда. Ушундай эле иш-чара март айында, "Нооруз" майрамында дагы уюштурулмакчы", - дейт К.Осконбаева.

БАЭдеги кыргыз консулдугунун маалыматы боюнча ал жакта кыргыз жарандарынын расмий саны 3000ге жакын. Ал эми катталбаган жарандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
momun74
2017-02-24 20:41:54
Ажылыкка бара жаткандардын кулагына кумуш сырга куруттан бираазда болсо алып алыныздар арабдар курутту мурундан баалап жакшы корушот
+4
BekAmir
2017-02-24 20:57:22
Азаматтар
+1
nur_zhoni
2017-02-24 21:47:29
Кымыз берип бир ичин кетиргиле
+2
elif
2017-02-24 22:37:53
Азаматсынар!
0
Firdaus-Muslim
2017-02-24 22:59:22
Жакшы жаңылык, «Кыргыздын» тамак аштары дүйнөнү таң калтыратго чиркин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан