Бүгүн, 27-февралда Лос-Анжелес шаарындагы "Оскар" сыйлыгынын 89-сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда 24 түрдүү номинациялар боюнча статуэткалар тапшырылып, жеӊүүчүлөр аныкталды.
Бул күндү аземдин ар бир катышуучусу толкунданып күтүп, айлап даярданары талашсыз. Айрыкча айымдар түрдүү диета кармап, кандай көйнөк кийип чыгуу үчүн мода үйлөрү, стилисттер менен иштешет. Бир нече ай короткон эмгектин жыйынтыгын бүгүн "Долби" театрында көрүүгө болду.
Чет элдик басылмалар "Оскар" аземиндеги мыкты көйнөк кийип келген актрисаларды атай башташты. Алардын катарында Эмма Стоун, Жессика Бил, Шарлиз Терон, Николь Кидман, Крисси Тейген жана башкалар бар. Алар "Louis Vuitton", "Dior", "Valentino" жана башка мода үйлөрүнүн эмгектерин кийип чыгышкан.
Сүрөттөр топтомунан кайсы актриса "аземге мыкты көйнөк кийип келген" деп аталганын көрсөӊүз болот.