Учурда Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында "Оскар" сыйлыгынын 89-сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Бул жылы 24 түрдүү номинациялар боюнча статуэткалар тапшырылат. 25-январда талапкерлердин тизмеси жарыяланган эле. Сыйлык алуу боюнча рекорд коёт деген "Ла-Ла Ленд" тасмасы күйөрмандарынын үмүтүн актаган жок.
"Оскар" сыйлыгын "Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясы боюнча "Айдын жарыгы" тасмасында роль жараткан Али Махершалалхашбаз алды.
"Мыкты грим жана чач жасалгалоо" номинациясы боюнча сыйлыкты "Өзүн өзү өлтүргөндөрдүн тобу" тасмасы илип кетсе, "Мыкты музыкалык монтаж" сыйлыгы "Келүү" тасмасында эмгектенген Сильвен Бельмарга буюрду.
"Мыкты үн" номинациясы боюнча сыйлыкты "Абийир чечими" тасмасынын жаратуучулары алды.
"Ла-Ла Ленд" тасмасы биринчи сыйлыгын "Сүрөтчү-коюучунун мыкты эмгеги" номинациясы боюнча алды.
"Зверополис" "Жылдын мыкты анимациялык мультфильми" деп табылды.
"Ла-Ла Ленд" тасмасы "Мыкты ыр", "Мыкты музыка", "Мыкты оператордук эмгек" номинациялары боюнча 3 сыйлыкты алып кетти. Жалпы 6 номинация боюнча (7-номинация боюнча "Мыкты фильм" деп адашып жарыяланганы белгилүү болду) "Оскар" алды.
"Мыкты актриса" номинациясы боюнча "Ла-Ла Ленд" тасмасында роль жараткан Эмма Стоун алды. Ага сыйлыкты өткөн жылы аталган сыйлыктын лауреаты болгон Леонардо Ди Каприо тапшырды.
"Мыкты эркектин ролу" наамы Бен Аффлектин иниси Кейси Аффлекке "Деңиз жээгиндеги Манчестер" тасмасындагы ролу үчүн алды.
Ар бир азем кызыктарсыз, күтүлбөгөн окуяларсыз өтпөйт эмеспи. Бул жолу да "Оскар 2017" сюрприздерсиз өткөн жок. Тагыраагы, "Ла-Ла-Ленд" тасмасын кокусунан "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп атап алышты. Бирок алып баруучу катачылык болуп кеткенин, башка конверт ачылганын, чынында "Мыкты тасма" "Айдын жарыгы" тасмасы экенин, күнөө өзүндө болгоунун айтып, аземди жыйынтыктады.