Кечээ, 26-мартта Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак тилекесинде жер көчүп, бир үйдү басып калган. Үйдүн ичинде 6 адам болгон: үй ээси, жубайы жана 4 баласы. Алардын денелерин издөө иштери жер көчүү уланып жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кырсык болгон жерге министр Кубатбек Боронов барганы, жеринде 39 куткаруучу, медициналык жардамдын, райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү иштешкени маалым болду. Издөө иштери жүрүп жатканда 3 жолу жер көчкөндүгүнө байланыштуу, маркумдардын туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, издөө иштери жер көчүп бүткөн соң уланмай болгон.
Жер көчкүнүн бийиктиги 4 метрден 15 метрге чейин, узундугу 800 жана туурасы 120 метрге жеткен.
"Үй ээси Өмүрзак Эгемкулов аталган тилкеге 2010-жылы уруксатсыз 2 бөлмөлүү үй салганы аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле Зергер айыл аймагынын жергиликтүү бийлигине жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы жарандарды көчүрүү тууралуу эскертүү берилген. 1996-жылы да ушул эле тилкеде жашаган Өмүрзак Эгемкуловдун атасы Өмүрбек Эгемкуловго эскертүү берилген. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлгөн соң ал кооптуу аймактан көчүп кеткен", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Топ-Жаңгак тилкесиндеги жер көчкү жүргөн аймакта 5 үй бар болгон. Бир үйдүн тургундары көчүрүлүп, 4 үй жер көчкүнүн астында калган, алардын 3өөндө эч ким жашачу эмес.