"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына байланыштуу жаӊылык учурда коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы бүгүн, 7-апрелде сынак жана анын айланасындагы чуулар тууралуу суроолорубузга жооп узатты.
Финалга бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова жөнүндө:
"Алтынай алгач эле баш байгени сатып алуу сунуштары менен мени тажатып баштады. 2 айлык даярдык учурунда ал 4 жолу репетицияга катышты. Мен ага башында сынакка олуттуу мамиле жасабаса, катышпай каларын эскерткем, дал ошондой болду. Билеттерди сатуу боюнча эч кимди мажбурлаган жокпуз. Ким канча сата алса, ошончо сатылды. Алтынай жөнүндө мага "ал жеӊил ойлуу кыз" деп көп маалыматтар келе баштады. Акыркы күндөгү чоӊ даярдыкка да келген жок. Анан финал күнү сынак башталганда келип, ресторандын эшигин тепкилей баштады. Ал эми дагы бир интернет колдонуучу "3 баланын атасы болгон жолдошум менен жүрөт. Анын үй-бүлөсү бар экенин билсе дагы" деген каттарды жөнөттү..."
"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеӊүүчүсү Бегимай Карыбекова тууралуу:
"Бегимай англис тилин жакшы билет, мода дүйнөсү, подиум тууралуу түшүнүгү, тажрыйбасы бар. Сахнада, эл алдында өзүн кандай алып жүрүүнү билет, бардык талаптар боюнча сулуу деп атоого татыктуу кыз. Анын жеӊүүчү болушуна Айгеримден башка бардык калыстар добуш берип, колдошту. Себеби алар сулуулук сынагынын дүйнөлүк стандартын, сулуулук эмне экенин билишет. Андыктан баары так, таза өттү деп айта алам.
Ал эми 5 миӊ сомдук банкнотто ким түшүрүлгөнүн билбей калганын, мен анын кичинекейинен Германияда жашаганы менен түшүндүрөт элем".
Айгерим Расул кызынын айткандарына жооп:
"Анын ар бир сөзүнө теӊелип, жооп бергим келбейт. Бирок кээ бир учурлар жөнүндө айта кетпесем болбойт.
Биринчиден, анын келип бергенине, келген конокторду күттүргөнүнө ыраазычылык билдирем. Ал "жаш кызга мындай деӊгээлдеги сынактарды өткөрүүгө ким уруксат берди?" деп жазыптыр. Менимче, ал өзү мындай деӊгээлдеги сынакта калыстар тобунда болгон эмес. Мен уюштуруучу катары демөөрчү болгондорго ыраазычылык катын тапшыргам. Ага демөөрчү болбогондуктан, ыраазычылык каты берилбегенин туура эмес түшүнсө керек, залдагы элдин көзүнчө бурулуп алып чыгып кетти. Биз андан кетпей туруусун сурандык, бирок ал артына кайрылган да жок. Бул анын экинчи жолу ушинтип эл алдында орунсуз жорук кылганы. Буга чейин анын МАИ кызматкерине орой мамиле кылганын баары билсе керек.
Экинчиден, стриптиз бийледи деп жатпайбы, эгерде гимнастикалык жана спорттук бийди стриптиз деп ойлосо, анда анын өз эрки.
Эгерде калыстарды сатып алган болсом, Бегимай үчүн алдын ала атайын дайындалган суроолор берилмек да. Өзүмдүн тааныштарымды калыс кылсам, анда эмнеге Айгерим Расул кызын чакырмак элем? Мен аны ырчы катары сыйлап, өлкө сулуусун тандоого катышуусун каалап чакыргам. Таза тандоо болуусу үчүн ал эле эмес, башка да шоу-бизнес өкүлдөрү чакырылган".
Белгилей кетсек, сынак кандай өткөнү тууралуу өз пикирлерин буга чейин SUPER.KG`ге ырчы Айгерим Расул кызы, журналист Кудрет Тайчабаров билдиришкен.