Бүгүн, 13-апрель күнү SUPER.KG порталына Гүлзат Асанбекова кайрылып, 15 жаштагы баласы Марлен Айбар уулунун 4-апрелден бери дайынсыз экенин билдирди.
"Марлен 4-апрель күнү Токмок шаарынын 3-кичи районундагы медреседен чыгып кеткен. 10 күндүн жүзү болуп калды, издеп жатабыз. Бирок дайынсыз болууда. Балам буга чейин качып, жок болгон эмес", - дейт Гүлзат Асанбекова.
Дайынсыз делип изделип жаткан Марлен кат жазып, досуна калтырып кеткен.
"Ата мени кечириңиз! Мен сизди, апамды, карындашымды өзүмдөн артык көрөм. Бирок чыдабай калдым. Ата, сиз ушул ыйык жерге жакшы адам болсун деп алып келгенсиз. Бирок бул жердин балдары таш боор, кара ниет экен", - деп жазылган катта.
Андан сырткары катта 4 баланын аты жазылып, аларга жаза колдонууну суранган. Ошондой эле каттын аягында "силер бул катты окуп жатканда мен чет өлкөдө болом" деп жазган.
Буга чейин Чүй ОИИББи 15 жаштагы Марлен Айбар уулу изделип жатканын билдирген болчу.
"Эгерде аны көрүп-билгендер болсо, 0312 60-72-26, 0703 73-75-73, 0700 75-28-75 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар", - деп суранат Чүй ОИИББинен.