Өзгөндөгү Жалпак-Таш аймагында жер көчкүдөн турак жайсыз калгандар чатырда жашап жатышат

Өзгөн районунун Жалпак-Таш аймагында 15-апрелде Кысык-Алма айылындагы Чырмаш тилкесинде саат 10:00дөн баштап, көлөмү болжол менен 900 000 метр куб келген жер көчкү колоттун ичи менен жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана дагы 1 бүтө элек турак жайга 10 метр калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги бүгүн, 17-апрелде кабарлады.

Андан сырткары Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу токтогон.

"Аталган аймака министрликтин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ыкчам тобу жана өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучусу, 1 КамАЗ унаасы тартылган. Турак жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр бөлүнүп, өзүнчө куткаруу отрядынын 1 КамАЗ унаасы менен жеткирилип, чатырларды коопсуз жайга тигип беришти. Райондук РЭС кызматкерлери тарабынан жашоого шарт түзүү үчүн, бүгүн электр энергиясы тартылат", - деп жазылат билдирүүдө.

Азыркы учурда Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат. Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы ачылганы маалым болду.

Эскерте кетсек, окурман "Элдик кабарга" жер көчкү 5 үйдү басып калганын кабарлаган.

Жалпак-Таштагы жер көчкү
Жалпак-Таштагы жер көчкү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан