29-апрелден тарта өлкөдө унааларды мажбурлап эвакуациялоо башталат

29-апрелден тарта Кыргыз өлкөсүндө жол эрежесин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүнө блокираторлор коюлуп, мажбурлап эвакуциялоо башталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Патрулдук милициянын басма сөз кызматы өкмөттүн токтомуна таянып билдирди.

Маалым болгондой, өзүм билемдик менен дөңгөлөктөн блокираторду чечкен адам жоопкерчиликке тартылат. "Мажбурлап эвакуациялоо "Эвакуатор" жол белгиси турган жерге токтотулган унааларга карата колдонулат. Бул унаалар атайын унаа токтотуучу жайларга жеткирилет. Эвакуациялоо процедурасы жана унаа токтотуучу жайда сактоо үчүн айдоочу тарифке карата акы төлөйт. Биринчи үч саатка унааны сактоо акысыз болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ABDulHai
2017-04-27 17:52:59
Жакшы тартип
+1
Kroxa
2017-04-27 19:30:18
Туура кыласынар анан жолдорду дагы ондоп койсо ошол тушкон акчаны жеп жибербей..
0
kenjebek_a
2017-04-27 19:44:33
Колдоого аларлык иш.Жакшы болот.Эгер баарына бирдей колдонсо.
+2
Muratmipa
2017-04-27 20:12:16
Авто унаага страховака (ОСАГО) качан кучуго кирет супер игфо ушул жогонундо маалымат алып берсенер жакшы болмок
0
Shef87
2017-04-27 23:30:07
биринчиден унаа токтотуучу жайларды кенейтип шарт тузуп бергиле экинчиден пешехоттун устундо турган лексус 4.7 лерди да жуктоп кеткиле духунар жетпесе жон эле койгула
+2
baltabaev
2017-04-28 16:43:19
Shef87,красавчик))
0
rafo80
2017-04-29 09:05:04
Бул мыйзам деле жонокой адамдар учун чыкты. Джиптерпи жуктой алышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан