SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасынын апрель айындагы жеңүүчүсү аныкталды. Апрель айы белгилүү болгондой, түрдүү окуялар, жол жана жаратылыш кырсыктары менен коштолуп, оор өттү. Чү, дегенде эле март айындагы асманга ок атуу менен коштолгон митингдердин бирине себеп болгон Садыр Жапаровдун СИЗОдон моюну жана колу кесилип №47-абакка жеткизилгени чуулгандуу окуялардын башталышы болуп берди. Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров Казакстандан мекенине келе жатканда Ак-Жол көзөмөл өткөрүү жайынан аны УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен.
Садыр Жапаровдун оор абалдагы канга боёлуп жаткан сүрөтүн 4-апрелде жиберген окурманыбыз SUPER.KG порталынан анонимдүүлүктү сактап берүүнү өтүнгөн. Аты-жөнүн жазбасак дагы окурманыбызга бир ооз суроо салдык:
- Сүрөттү жиберерден мурун эмнени ойлодуңуз?
- Мага сүрөт келип калды, негизи аны тарткан эмесмин. Ал жакта иштегендер Садыр Жапаровду эч кимге жолуктурбай жатканын айтышты. Митингди деле көрдүк. Аялы, балдары ыйлап, кирип жолуга алышпай, алардын бирөөнө да кирүүгө уруксат берилген жок. Мен Жапаровдун сүрөтүн экс-депутат же эл тааныган адам экенине карап жиберген жокмун. Ал дагы өлкөнүн жараны. Анын ордунда башка адам болсо деле адилеттүүлүк болсун үчүн жиберип коймокмун. Себеби азыр үнүң жогору жакка жетиш үчүн ММКларга кайрылып же коомдук пикир жаратуу керек болуп калбадыбы. Мен Жапаровду ак болчу же ал түрмөдө отурбашы керек болчу дебейм. Болгону анын туугандарына боорум ооруду. Жолуга алышпай, санаа тартып, абактын алдында сагалап жүрүштү да. Ушуларды ойлодум.
Садыр Жапаровдун бул сүрөтү SUPER.KG порталына жарыяланган соң, интернетке чагылгандай тарады. Ошол күнү эле кечинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровду өзүнчө бөлмөгө алып кирип, камерага сүйлөтүп, "абалым жакшы" деген видеокайрылуусун таратты. Ага чейин Жапаров абакка кирип кеткен боюнча эч кандай маалымат берилген эмес болчу. Эртеси Жапаровду колдоо иретинде уюштурулган митингдерде да анын канга боёлгон сүрөтүн көтөрүп, Ак үйдүн алдында тарапташтары турду. Учурда Садыр Жапаров №1-СИЗОдо камакта. Анын баш коргоо чарасын караган Биринчи Май райондук соту мөөнөтүн 1 айга узартып, 28-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү: