Үпөл Анаркулова, журналист: "Депутат Жылдыз Мусабекованын мени коркутуп, мазактаганы көңүл кош калып кетпесин деп президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасадым"
Журналист Үпөл Анаркулова Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын аны коркутуп, мазактаганы боюнча президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмγркулов, Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранова, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго кайрылуу жасады.
Бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Үпөл Анаркулова өзүнүн коопсуздугу жана маселе көңүл кош мамиле менен унутта калбашы үчүн кайрылуу жасаганын айтты.
"Фракция лидери жыйында карайбыз деген эле. Бирок бүгүнкү жыйынга ооруп калганбы билбейм, ал (ред. Жылдыз Мусабекова) келбей калыптыр. Убакыт өтүп бул нерсеге көңүл кош мамиле жасалып калып кетпесин деп жаздым. Мен сыяктуу журналисттерге дагы коркутуулар болбойт деп ким кепилдик берет. Мындай нерсе боло берет деп көз жаздымда калтырууга болбойт", - дейт журналист.
Үпөл Анаркулова кайрылуусунда: "КСДП фракциясынын өкүлү Жылдыз Мусабекованын журналистке, дегеле жөнөкөй жаранга карата мыйзамды тебелеп, зомбулук мамилесине өзүңүздөр баа берсеңиздер. Өлкө башчы катары сиздер бул маселеге кайдыгер карабашыңыздар керек деп эсептейм. Мусабекованын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым. Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын мындай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык деп эсептейм. Ошондуктан Ж.Мусабекованы алган наамдарынан ажыратуу маселесин карап чыгууңуздарды суранам", - деп жазат.
Айта кетсек, Бүгүн КСДП фракциясында депутат Мусабекованын журналист кызды коркутуп, мазактаганы боюнча маселе каралары күтүлүп жаткан. Бирок эл өкүлү жыйынга келген жок.
Апрель айынын соңунда Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан.