Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп, турак жайларды каптады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-май күнү кечки саат 19:40тар чамасында Айдаркен шаарында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Селдин суусу арыктарга батпай, жолдорго чыгып, натыйжада 11 турак жайдын жана 17 короонун ичине суу кирген. Ошондой эле 5100 метр аралыкта ички чарбалык жолдорду жана 3200 метр аралыкта ички чарбалык арыктарды басып, 5 даана электр мамычасын, 1 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыркагандар жок. Учурда шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.