Журналистти коркутуп, мазактаган КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова дагы ооруп калып, фракция маселени 4-жолу караган жок. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.
Өмүркулов Мусабекованы эмне болуп ооруп жатканын билбестигин айтты. Ал бул маселе унутта калбай турганын эскертти.
Айта кетсек, Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.
Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.