Коомчулукта эң баалуу нерсе катары биринчи орунда адам өмүрү турат. Өлкөбүз өз жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай жатканы акыркы күндөрү өзгөчө байкалууда. Андыктан учурда өлкөдө коопсуздук маселелери актуалдуу болууда. Коопсуздукту сактоо боюнча чаралар көрүлбөй, анын айынан кырсыктар көп катталып, көпчүлүк учурда кайгылуу аяктап жатат. Буга унаалардын жолдогу өтмөктөрдө жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп жатканы, сейил бактагы аттракциондун кулашы, өлкөнүн түштүгүндө болгон жаратылыш кырсыктары, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы газ саткан жайдын жарылуусу далил боло алат. Дал ушул кырсыкты WhatsApp аркылуу кабарлаган окурманыбыз Тургунбек Эрмек уулу "Элдик кабардын" бул айдагы жеңүүчүсү болду.
Бул жарылуудан 4 адам каза таап, жабыркагандар 80, 75, 65 пайыз күйүк алышкан. Тургунбек Эрмек уулу жарылуу болгон маалда үйүндө болгонун айтты:
"Мен Ананьево айылынын тургуну болом, жашым 22де. Бир туугандарымдын улуусу болгондуктан ата-энемди карап айылда жүрөм. Биздин үй газ саткан жай жайгашкан көчөдөн кийинки көчөдө. Жарылуу болгон учурда үйдө болчумун жер титирегенден чуркап чыксам, жарылуу болуптур. Өрт өчүргөн унаалар болжол менен 4 мүнөттө келишти. Мен барганча алар да жарышып келип калды. Ошол учурда "силерде эмне болуп жатат?" деп досторум туугандарым чалып жатышты. Алар менин айтканыма ишенбей жатышты. Мындан улам өрт болуп жаткан жерди видеого тартып алгам. SUPER.KG`нин кабарларынын арасынан "Элдик кабарларды" окуп калчумун. Алгачкы жолу бул рубрикага тартып алган видеомду жөнөттүм. Албетте, жеңүүчү болууну ойлогон деле эмесмин, болгону коопсуздуктун сакталбашы кандай кесепеттерди алып келерин көргөндөр, бул маселенин тегерегинде ойлонуп калышабы дедим", - дейт Тургунбек Эрмек уулу.
Эскерте кетсек, 19-июнь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылында газ саткан жайда өрт чыгып жарылуу болгон. Натыйжада алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза таап, 5 адам учурда ооруканада дарыланып жатат. Жабыр тарткандарга, каза болгон адамдардын жакындарына президент, премьер-министр жана жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай жардам көрсөтүлгөн. Жардам менен гана чектелип калбай, коопсуздук маселелерине да көңүл бурулса, келечекте калк арасында жоготуулар азаймак.
Ал эми адистер жарылуунун себеби коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болушу мүмкүн экендигин билдиришкен, Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 142, 236, 238-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери уланып жатканын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү: