Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Текебаевдин адвокаттары сотко 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин келишин талап кылышууда. Муну алар 2 жагдайга негиздеп жатышат.
"Күбө катары көрсөтмө берген Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү күбө Модин көрсөткөн кабинетти Текебаевдин кабинети эмес, Атамбаевдин кабинети деп жатышат. Ошондой эле 2010-жылы Атамбаевдин кийлигишүүсү жок "Мегаком" маселеси талкууланышы мүмкүн эмес болгонун айтып жатышат. Анткени экономика тармагына Атамбаев жоопкер болчу. Биз Атамбаевди президент катары эмес, мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары чакырышыбыз керек", - дешти адвокаттар.
Текебаев судьяга буларды айтты:
"Сиз калыс болбой, бир тарапка тартып жатканыӊыз байкалып калды. 2010-жылы Кыргыз мамлекетин Сирия, Ливиядагыдай абалдан аман алып калган, тарыхта кала турган киши - Роза Отунбаева. Сиз ошол кишиге 15 мүнөт бербей койдуӊуз, "11-12-майды эмне айтасыӊ, 13-майдан баштап айт" деп. Булардын баары бири-бири менен байланышкан 12-майды айтпаса, 13-майды түшүнүү мүмкүн эмес. "Мага кереги жок" дейт. Сот да ушинтип айтабы? Отунбаеванын айткандары сизге эмес, прокурорго эмес, тарыхка, сот адилеттүүлүгүнө керек. Экинчиден, Атамбаев жаран катары келип көрсөтмө берсин. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү келип Текебаев экономика маселесин чечпейт эле, ага Атамбаев жоопкер болчу дешүүдө. Күбө өкмөт үйүндө Текебаевдин кабинети деп көрсөткөн бөлмөнү Отунбаева, Нарымбаев, Каптагаевдер "бул Текебаевдин кабинети эмес" деп жатышса, эмне үчүн Атамбаевди чакырып сурасак болбойт? Прокурорлор "Текебаев Убактылуу өкмөттүн жыйынында саат канчага чейин болгон" деп кайра-кайра сурап жатышат. Атамбаевден да сурайлы, Атамбаев айтып көрсүн "Өмүке, сени көргөн эмесмин" деп. Өлкөнүн экс-президенти сотко келсе болот, анын мурдагы орун басары келсе болбойбу? Эгерде бүгүн күбөлөр "ооба, Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики болчу" десе мен азыркыдай бакылдап сүйлөй алат белем? Сот, сиз чакыргандан коркуп, кошоматчылык кылып жатасыз. Чакырсаӊар Атамбаевдин келбеске аргасы калбайт, келет. "Урматтуу сот", деп бул жерде турат".
Мамлекеттик айыптоочулар бул маселе мурда талкууланганын айтып, сотко өтүнүчтү четке кагууну сунушташты.
Прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылды.