Текебаев менен Чотоновдун ишин карап жаткан сот аларга жакындары менен жолугушууга уруксат берилерин айтты

Бүгүн, 12-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жубайлары алар менен жолугуша албай жатышканын айтып чыгышкан. Сот отурумунда Текебаев да бул маселеге токтолуп, соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиевге кайрылып, жакындары менен жолугушууга уруксат берип коюуну суранды.

"Тез арада жолугуп, чет өлкөгө кетчү туугандарыбыз болуп жатат. Ошондуктан уруксат берип коюңуз", - деди Текебаев.

Адис Момуналиев жолугушуу өткөрүүгө уруксат бериле турганын айтты. "Мен кечээ кечинде арызга кол коюп бергем, канцеляриянын мөөрү басыла элек. Басылса эле уруксат берилет", - деди Момуналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан