Кыргыз балбандары күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жалпы командалык эсепте 5-орунду ээлешти

Финляндиянын Тампере шаарында 1-6-август аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, күрөш боюнча Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 28 упай топтоп 5-орунду ээледи. Кыргыз балбандар Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Роман Ким күмүш медалдарын, эркин күрөш боюнча Акбар Кенжебек уулу коло медалын жана кыздар арасындагы мелдеште Айпери Медет кызы алтын медаль, Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип алышты.

Жалпы командалык эсептин сап башындагы курама командалар:

1-орун: Иран курама командасы - 58 упай;

2-орун: Орусия курама командасы - 53 упай;

3-орун: Түркия курама командасы - 38 упай;

4-орун: АКШ курама командасы - 29 упай;

5-орун: Кыргыз курама командасы - 28 упай.

Кыргыз курама командасынын артында Финляндия, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Индия, Япония, Кытай, Беларусь, Германия, Румыния, Египет, Польша жана Молдова курама командалары жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ZHYRGAl1412
2017-08-07 19:48:02
Казак тажиктер катышпадыбы
-1
aibars
2017-08-07 19:49:25
Азаматтар, алакандай Кыргыз элим 5- орунду алышы чон жениш. Баары алдыда ушул жаш балбандарыбызды колдоп алалы. Келечекте жеништин сап башында болгула.
+13
aibars
2017-08-07 19:50:36
Ушунча олкодон 5-орунду алышы жаман эмес. Мээнетинер текке кетпесин.
+7
BekAmir
2017-08-07 20:16:09
Азаматтар
+6
Alixan-Nookat.2015
2017-08-07 20:23:28
Азаматсынар олимпиада оюндарындада мынданда жакшы ийгиликтерге жетишкиле.
+6
grace
2017-08-07 20:27:27
Кудайга шүгүр, балбандарыбыз жакшы экен. Эми олимпиада оюндарына ишенимдүү даярданса болот.
+6
bakulya2015
2017-08-07 21:10:57
Жакшы жанылык Аллах колдосун ар убак. Өмурлөрүү узун болсун.
+6
yasmina_kg
2017-08-07 21:53:57
5 орун биз учун чон сыймык.Азаматсынар.
+3
Talantsagynbaevkg
2017-08-07 23:27:04
Азаматсынар жигиттер биз силер менен сыймыктанабыз!!!
+2
Burkut87
2017-08-07 23:59:36
Азаматсынар кана эми олимпияда да 5 орун алсак
+2
omuraliev96
2017-08-08 02:18:39
бара келде дагыда ийгиликтерди багынта бергиле.
+1
barsbegKG
2017-08-08 20:53:24
Қырғыз балбандары азаматсыңар! Ақчалай же үй машина менен сыйлап, духун көтөгүлө бийликтегилер. Олимпиадада дагы ушундай ийгиликти қайталап жеңиш алып келгиле.
0
kyialreal
2017-08-10 21:05:53
Эн эле онуккон олколор арасында туруу башкача болот экен, ылайым даайым эле ушундай боло берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан