Балыкчы шаарынын мэринин телефондогу сүйлөшүүсү боюнча комиссия түзүлдү

Балыкчы шаарынын мэринин телефондогу сүйлөшүүсү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Жаныбек Кожоев билдирди.

"Телефондогу сүйлөшүү боюнча этикалык комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгында гана комментарий бере алабыз", - деди Кожоев.

Айта кетсек, 7-август күнү уят сөздөр менен коштолгон телефон сүйлөшүү интернетке тараган. Андагы сүйлөшүү Балыкчы шаарынын учурдагы мэри Алмаз Мамбетов менен аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновдун ортосунда болгону айтылат.

Интернетке тараган телефон сүйлөшүүдө Алмаз Мамбетов кайсы бир маселе боюнча Сатыбек Шамшудиновду сөгүп жатканын угууга болот.

Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов интернетке тараган сүйлөшүү чынында эле болгонун SUPER.KG порталына тастыктаган. Анын айтымында, шаар мэринин чалуусуна Балыкчы шаардык кеңешине жазылган кайрылуу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
evra_kg
2017-08-08 15:04:27
Мен мэрмин мен кудаймын дегенге чейин барыптырго жалан эле ушуга окшогон адамдар олтурат биз ишенген Жана элге кызмат кылган адамдар акмактар балее талашканда
0
admin_superstan
2017-08-08 15:05:10
Azat.97, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
ashuular_plus
2017-08-09 13:54:45
Ушу биздин кымындай Балыкчыга Мэр токтобой койду, жыл сайын эле алмашып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан